Фотожурналистика. Негиздер

Category: Фотография Comments: No comments

Жаңы технологиялар, социалдык тармактардын өнүгүүсү фоторепортажды бүгүн заманбап ЖМКлардагы эң башкы жанрга айлантып койдук десек болот. Эгерде гезиттерде фотосүрөт көп учурда материалга кошумча каражат болсо, интернет-басылмаларда ал биринчи орунга чыгат. Бул колдонуучулардын каалоосу.

Адам видеого салыштырмалуу сүрөттөрдү, андагы деталдарды үңүлүп караганды көбүрөөк жакшы көрөт. Так ошол фоторепортаждар сайттын көп баракчасын ачууга түрткү болот...

Толугу менен

Сапаттуу журналистикалык макаланы даярдоо боюнча түбөлүктүү кеңештер

Category: Жалпы Comments: One comment

Журналисттик ишмердүүлүктө эч качан эскирбеген ыкмалар бар. Мен редакторлоо үчүн жоон карандашты колдонуп, макалаларымды машинка менен терип жаткан кезде алар кандай орчундуу болсо, алар азыр деле ошондой. Менимче, 40 жылдан кийин азыркы студенттер баралына толгон журналисттер болгондо да алар ошондой эле орчундуу бойдон кала берет.

Кыска-нуска жазгыла
70-жылдары Техас университетинин студенти болгон кезимде кыска-нуска жазуу кандай зарыл экенин түш...

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: «Ишенбе, күмөн сана»

Category: Жалпы Comments: No comments

Татьяна Трубачева, “Голос республики” гезитинин башкы редактору, Казакстан. Анын айтымында, редакторлук кредосу 5 осуятка эле сыйып калат экен.

1. Ишенбе, күмөн сана.

2. Эч кимге, эч нерсеге ишенбе.

3. Баардыгын текшерип, тактап тур.

4. Баардык нерсеге кызыкканга умтул.

5. Классиканы оку.

 

«Journalist.news», №8, 2012-жыл

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: “Мактагыңыз келип турса да, карманып бир гана жакшы сөз менен чектелиңиз”

Category: ТВ/Радио Comments: One comment

operator1

Ольга Каплина, Интерньюстун “ТВ-бөлүшүү” долбоорунун жетекчиси жана Ержан Сулейменов, “31-каналдын” мурдагы башкы редактору (Казакстан) биргелешип башкы редакторлор үчүн зыянкеч  кеңештерин  сунушташат:

1. Сиз өзүңүз ойлоп таппаган темалардын бардыгын четке каккыла. Ал эмес укпай да койгула: сиз эчак эле баардыгын таап, ойлонуштуруп койгонсуз.

2. Кабарчы үчүн темаларды дайыма өзүңүз таап бериңиз...

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: “Эгер эшиктен киргизбесе, терезесин сөзсүз тапса болот” (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

Зебо Таджибаева, “Азия-плюс” маалыматтык-аналитикалык агенттиктин директору, Тажикстан

1. Өз кулагыңа жана көзүңө гана ишен, диктофон менен камера андан да ишеничтүүрөөк болот.

2. Бакырба, бирок талап кыл.

3. Объективдүүлүк объективдүү болушу керек.

4. Ооз менен тамактын аралыгында көп нерсе болуп кетиши мүмкүн.

5. Материалды бүгүн бүтүрө алсаң, аны эртеңкиге калтырба.

6. Эгер эшиктен киргизбесе, терезесин сөзсүз тапса болот...

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: Окурманың эмне жөнүндө ойлонуп жатканын бил (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

Руслан Телегин, “Дело” деген аталыштагы Карагандадагы биринчи бизнес-гезитинин мурдагы башкы редактору. “Автомобилист” жумалыгын алты жыл жетектеген, Казакстан

1. Редактор, өзүң да жаз! Калем сап кармабай калган адам бат эле администраторго айланып калат. Күндөлүк жаз.

2. Бат жана так башкарганды үйрөн, бирок көп убакыт алдыга пландаштырып кой. Андан берки убакыттык пландарда эркинирээк, ийкемирээк болгонго аракеттен. ЖМК ээсинен акылдуурак болгонго умтул, бирок андан кыйын болууга шашылба...

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты

Category: ТВ/Радио Comments: No comments

Гулим Амирханова Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда башкы редактор болуп мурда иштеген же азыр иштеп жаткан 10 адамдан алардын 10 пункттан турган редакторлук осуяты менен бөлүшүүсүн суранган. Биздин пикирибиздеги эң кызыкттууларын сизге сунуштайбыз. Айрымдары кыска-нуска, айрымдары ийне-жибине чейин, айрымдары тамаша түрүндө жазылган. Бирок ар-биринен өзүңө пайдалуу көп нерселерди таба аласың. Эмки санда кыргыз тилдүү ЖМКларда эмгектенген башкы редакторлордун 10 осуяты менен тааныштырмакчыбыз...

Толугу менен

Журналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

ЛИД деген эмне?

Муну силер Лидер деген сөздөн алынды деп эсептей бергиле. Лид дайыма жаңылык материалынын биринчи-экинчи сүйлөмүндө, абзацында берилет, алдыда болот. Негизинен Лидде окуянын негизги маңызы, талылуу жери, маанилүү чордону айтылышы керек. Кыскасы, жаңылыкты жаңылык кылган эмне болсо, ошону Лидге жазышыбыз керек. Мисалы, кайсы бир жерде табигый кырсыктан үйлөрдү сел каптаган болсо, дароо эле кепти ошондон баштоо керек...

Толугу менен

Журналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо

Category: АналитикаЖалпы Comments: No comments

Ким?

Эмне?

Качан?

Кай жерде?

Кандай? (Кантип?)

Эмнеге?

Эмне үчүн?

Душмандар кимдер?

Өнөктөр кимдер?

Кимге пайда?

Эмне үчүн пайда?

Кимге зыян?

Эмне үчүн зыян?

Эми эмне болот? (Андан ары не болот?)

Журналисттин текстинде ушул суроолордун бирине гана жооп болбой калса, анда жетекчилик «унчукпаганы» үчүн журналистке ким бирөөлөр төлөп коюшкан же журналисттин колунан иш келбейт деп ойлоого акылуу.

Валерий Панюшкин,

«...

Толугу менен

Өз макалаңарды редакциялоо боюнча кеңештер

Category: Жалпы Comments: 2 комментария

Дэвид Брюер

Журналисттердин көбү тексттериндеги фактылык, грамматикалык жана орфографиялык каталарды дайым эле байкай беришпейт. Редакцияда редактор жана атайы корректор бар болгондо бул өтө деле коркунучтуу эмес. Бирок акыркы учурда, журналисттер өз блогдорун (Интернеттеги күндөлүгүн) алып барганга кызыга башташты. Мындайда алардын тексттериндеги каталар оркойуп байкалып калат.

Тексттеги каталарды өз убагында байкап, ...

Толугу менен