HomeЖалпыЭркин журналист (фрилансер) болгусу келгендерге беш кеңеш

Эркин журналист (фрилансер) болгусу келгендерге беш кеңеш

Штаттан сырткаркы журналист болуш үчүн толтура себептер бар. Балким, сиз бир жерде эртеден кечке чейин чымын-куюн болуп иштегиңер келбейттир, же штатты кыскартуу болуп жумушсуз калдыңар ж.б.д.у.с. нерселер.

The Guardian гезити өз сайтында ушуга байланыштуу талкуу жүргүзгөн болчу. IJNet бул талкуу учурунда айтылган нерселердин жүйөлүүлөрүн бөлүп, топтоп чыгыптыр.

 Колуңарда эмне болсо, ошондон баштагыла

«Иш тажрыйбасын топтогонго толтура жолдор бар», – дейт эркин жазуучу жана редактор Джон Норрис. Ал керектүү учурда акысыз иштөөгө, жеке өздүк блогду ачып, өзүн адамдарга сунуштаганга чакырат. “Менин копирайтер досум макалалары начар жазылган сайттарды таап, сайттын ээси менен почта аркылуу байланышып, макалаларда кетирилген кемчиликтерди көрсөтүп, өзүн сунуштайт. Баарынан кызыгы, ага жумуш бергендер чыккандыгында”.

Эгер адам штатта иштесе, Норрис ага фрилансер болоордун алдында башка жактан иш издеп көргөндү сунуштайт. «Туруктуу иш ордуңар бар болуп турганда кардарларды тапкыла да алар менен кечинде иштешкиле. Бир нече ай сиз кыйналышыңар мүмкүн. Бирок бул штаттан сырткаркы жумушка көп кыйналбай өтүүгө жакшы шарт түзүп берет».

Керектүү техниканы сатып алгыла жана ыкмаларга үйрөнгүлө

«Фрилансер бир адамдан турган театрга окшош болот, ага кошумча билим, ыкмалаларды өздөштүрүү ашыктык кылбайт. Эгер сиз жакшы жазганыңар менен фотоаппаратты колдонгонду билбесеңиз жана сапаттуу фотосүрөттөрдү тарта албасаңыз – бул сиздин чоң кемчилигиңиз. Ушундай эле өңүттөн алганда, сиз мыкты фотосүрөттөрдү тартканыңыз менен материалды жакшы оңдоп-түзөй албасаңыз, сиз кызыккан жумуш ордун башка бирөөнө берип коюшу мүмкүн…», – дейт мультимедиа журналист Шервин Коэльо.

Кардарларга ишиңерди мыкты биле тураныңарды көрсөткүлө

«Мүмкүн кардар үчүн сиздин эмгегиңерди, демек сиздин мүмкүнчүлүгүңүздү көрүү эң маанилүү болуп саналат. Сиз өз эмгегиңердин портфолиосун (альбомун) дайым жаңыртып, ишти атаандаштарыңардан мыкты жасап турушуңар керек. Мейли (адатынча, бул жаңы баштап жатканда болот) башкаларга салыштырмалу аз акыга иштесеңер да», – дейт дизайнер жана кино өндүрүүчү Денни Фонтейн.

Өз ордуңарды (балким эки орунду) тапкыла

«Фрилансер болуп үзүрлүү эмгектениш үчүн эң негизгиси – сиз өнүгүп өсө ала турган өз ордуңарды табышыңар керек. Мен негизинен камсыздоочу жана каржы компанияларына иштедим, анткени бул тармакта менин тажрыйбам бар болчу. Мен ишкерликтин бул түрүн жакшы билем, ошондуктан өз бааларымды кое алам», – дейт байланыштар боюнча көз карандысыз кеңешчи Себастьян Кларк.

«Ошол эле учурда сиз башка жакта да өз күчүңөрдү сынап көрсөңөр болот. Ал эмес мындай дейт элем, көп адамдарга, анын ичинде мен үчүн да, өз жигердүүлүгүбүздү такай азыктандырып турушубуз керек. Өз ишиңерге баш- отуңар менен кирип кеткен фанат гана болбосоңуз, штаттан сырткаркы иш – башка иштердей эле иш болуп саналат, сиз башка багыттарда да өз күчүңөрдү сынап көрүшүңөр пайдалуу болуп эсептелет».

Компьютерден башка нерсеге да көңүл буруңуз

Өз үйүңөрдөгү офисте компьютер менен көп иштеп фрилансерлик каръераңарга зыян келтирип алышыңар мүмкүн. Буга эки себеп бар – үйдө отура берип, жан дүйнөңүздүн бейпилдигин жана бул кесипте маанилүү деп эсептелген байланыштар менен тааныштарды жоготуп алышыңыз мүмкүн. «Жумушту табуунун эң жакшы жолу – тааныштар. Сизге сөзсүз түрдө өзүңөрдү рекламалап туруунун кажети жок – жөн гана көчөгө чыгып, элдер менен аралашыш керек», – дейт Кларк. Анын айтымында, «эң оор нерсе – бул компьютерден туруу: мурдагы жумушта эртеден кечке чейин компьютерди тиктеп отуруу көнүмүш адатка айланып калган. Сиз өзүңүз үчүн иштеп жатканда, пландаштырылган иштер бүткөн соң өзүңөргө эс алууга мүмкүндү бергиле. Анткени так ушул жумуш менен өздүк жашоонун балансын табыш үчүн адамдар фрилансерликке өтүшөт эмеспи».

Николь Мартинелли, IJNet

«Journalist.news», №5, 2011-жыл

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *