Monthly Archives Август 2012

«Жакшы баяндоонун элементтери эч качан эскирбейт», — Пулитцер сыйлыгынын лауреаты

Category: ЖалпыИликтөө Comments: One comment

jacqui-banaszynski

Джеки Банажински 30 жылдан бери репортер жана кабарчы болуп иштеп келет. Жаңы платформалар жана аспаптар журналистикада колдонула баштаганын жакшы билет.

1988-жылы ал “СПИД азыр тылда” деген макалалар түрмөгү үчүн Пулитцер сыйлыгын алган. Учурда АКШда Миссури штатыныны университетинде журналистика факультетинде сабак берет. Ошону менен катар Пойнтер атындагы институтта да эмгектенип келет.

IJNetке берген интервьюсунда электрондук технологиялар дүркүрөп өсүп-өнүгү...

Толугу менен

Интервьюну жакшы тартыш үчүн тогуз кеңеш

Category: ТВ/Радио Comments: No comments

DSCN3306

Учурда журналисттердин көбү видеону тартканды үйрөнүп жатышат. Төмөндөгү сунуштар жаңылыкка жараган жакшы, сапаттуу видеону тартууга жардам болмокчу.

Даг Мазелл, кинопродюсер жана оператор, көп жылдан бери Лос-Анжелесте иштеп келет. Ал видео интервьюну кантип туура тартыш керек тууралуу 9 кеңешин берет.

Үн тууралуу эч качан унутпагыла! Эч бир чоочун үндөр болбогон тынч жерди табыш керек. Камерадагы микрофон үндү жакшы жазышы үчүн объективге мүмкүн болушунча жакын болгула...

Толугу менен

Ар түрдүү маалыматтар менен иштеген журналисттер үчүн төрт аспап

Category: Жалпы Comments: No comments

Mother Jonesтогу интерактивдүүлүк маселелери боюнча редактор Тасним Раджа маалыматтар менен иштөө боюнча сунуштарын берет.

Америкалык журналисттер маалыматтарды издеп мамлекеттик сайттарга жумасына 3-4 жолу киришет (биздин журналисттер канча жолу кирет болду экен?).

Тасним Раджа журналисттердин көпчүлүгү бул маалыматтар менен кандай иштей тургандыгы жакшы билет. “Адамдардын көбү математиканы начар билгендиктен журналистиканы кесип кылып тандашат”, — дейт ал. Бирок статистикалык маалыматтар менен иштей келгенде журналисттер эмне кыларын билбей калышат...

Толугу менен