Журналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

ЛИД деген эмне?

Муну силер Лидер деген сөздөн алынды деп эсептей бергиле. Лид дайыма жаңылык материалынын биринчи-экинчи сүйлөмүндө, абзацында берилет, алдыда болот. Негизинен Лидде окуянын негизги маңызы, талылуу жери, маанилүү чордону айтылышы керек. Кыскасы, жаңылыкты жаңылык кылган эмне болсо, ошону Лидге жазышыбыз керек. Мисалы, кайсы бир жерде табигый кырсыктан үйлөрдү сел каптаган болсо, дароо эле кепти ошондон баштоо керек. Эч качан «баарына маалым болгондой, табигый кырсыктар көп болуп, эл кыйналып жатат…» деген сыяктуу «акылмандуулуктун», маңыздуулуктун кереги жок. Эгер баарына маалым болсо, аны айтып кереги не? Ток этер жеринен баштоо керек.

            Мисалы мындай: «Аксы районунун Жүзүм айылындагы 50 үй-бүлө тамсыз калды. Түндөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам келген сел айылдагы 50 үйдү таптакыр талкалап, 100гө жакын үйлөргө олуттуу зыян келтирген» деп эле баштаган макул. Ошондо журналист окурманды талылуу жеринен кармайт.

            Лид кызыктуу жазылышы керек. Биринчи абзацтын биринчи сөзүнөн эле окурманды алка-жакадан алып, ошол бойдон акыркы чекитке чейин окууга мажбур кылуу керек. Дайыма окурман тууралуу, анын кызыгуусу, табити, көңүлү тууралуу ойлонуу зарыл. Эгер гезит окурман үчүн чыгып жатса, демек окурмандын табити эң маанилүү нерсе, аны табуу керек.

            Лиддин түрлөрү көп: классикалык, очерктик, кош Лиддер бар. Криминалдык темадагы материалдардын Лиддери башкачараак болот. Иши кылса, алган темага, окуяга жараша Лиддер өзгөрүп турушу мүмкүн. Лиддерди жазууну үйрөнүү үчүн атайын сабак жана машыгуу керек.

 

Негизги окуя: эмнелерди жазуу керек?

Кудай жалгап Лидди жазып алган соң, ал окуя кандайча, кантип болгонун даана билдирүү керек. Мисалы, ошол эле Жүзүм айылында нөшөр кандайча болду, кантип жана качан сел келди, кантип үйлөрдү кыйратты, ушулар тууралуу так жана даана маалымат берилиши керек.

Схеманын бул звеносунда Лидде айтылган башкы окуянын өтүшү толук берилет, ким?, эмне?, качан?, кантип?, кай жерде? — деген суроолорго жооп алынат. Бирок, майда-чүйдөлөргө маани берип, сөздү узартыштын кереги жок, майда деталдар очеркте, иликтөөлөрдө, сүрөттөмөдө жана репортажда жакшы. Жаңылык материалдарында кыскалык, тактык жана дааналык биринчи кезекте турат. Ар бир жанрдын өзүнүн өзгөчөлүгү, талабы сакталууга тийиш.

Бул звенодо, мисалы, Жүзүм айылында кечки саат тогуздарда башталган майда жаан акырындык менен нөшөргө айланып, ойдо жок жерден айылдыктарга алаамат алып келгени, айылдын кап ортосундагы үйлөр жылганын оозуна жакын турганы үчүн биринчи кезекте зыянга учураганы, акырында барып нөшөр эки сааттан кийин токтогондо жыйынтык кандай болгонун билдириш керек.

Албетте, негизги окуяны бергенде маалыматты толугураак камтууга аракет кылуу абзел. Мисалы, Жүзүм айылындагы сел каптоо эмне үчүн болду? Жооп ачык: жамгыр жааганы үчүн. Бирок, жамгыр бардык жерде жаайт, бирок бардык жерди сел каптай бербейт. Демек, сел каптоо үчүн кандайдыр себептер бар. Жаңылык заметкасында ушул жерди азыраак чолуп кетүү зарыл.

Айталы, Жүзүм айылы тоо боорунда жайгашып, жылганын оозунда турат. Бул бир себеп. Анан, айталы, тоо этегинен сел каналы курула баштап, канча жылдардан бери бүтө элек. Эгер ал бүткөн болсо, сел каптоо болбос эле. Мына ушундай себептерди шилтеме менен коштой кетсе, окурман үчүн кырдаал ачык, даана жеткирилет.

Кээде маалымат азыраак болуп калса, звенонун ушул жери аксап калат, журналисттер муну кыйгап өтүп кетишет. Антсе деле жаңылык боло берет, бирок журналист окурманга болушунча кененирээк, толугураак маалымат жеткириши абзел. Эгер ушул звено толук болсо, анда окурманга көп маалымат жетет. Бир эле окуя тууралуу бардык журналисттер жазышат, бирок ар бири ар башка жазып, кимиси толугураак маалымат жеткирсе, ошол утат. Буга дайыма маани бериш керек.

Кээде интернет-сайттарда кайсы бир окуяны болду деп гана жазып коюшат, бирок бул окурман үчүн өтө аз, демек журналист чабалдык кылган.

 

 

Окуянын мааниси, баалуулугу

Ал кимге керек? Албетте, окурманга. Ушул звено менен дагы бир маалымат кошо берилет. Мисалы, Жүзүм айылындагы сел алдын ала эсептөөлөр менен алганда айылдыктарга канча миллион сомдук зыян алып келгенин ачык айтып кетиш керек. Анан, мүмкүн сел каптоо учурунда ким-бирөөлөр ооруканага түшүп, медициналык жардамга муктаж болушкандыр, травма алышкандыр. Анан калса, айылдыктардын байлыгы болгон мал-жан кандай кыргынга түштү, алар канча жабыр тартышты. Бул ошол окуя тууралуу толук маалымат берүүгө мүмкүндүк түзөт.

            Кээде журналисттер кайсы бир жерде түшүм жыйналып бүткөнүн жазышат. Быйылкы түшүм казынага канча киреше берди, өткөн жылга караганда канчалык өсүш болду, дыйкандарга канчалык пайда болду, булар да окуянын маанисин, баалуулугун көрсөтөт.

            Окуянын баалуулугу – ошол журналист жазып жаткан окуянын кимге канчалык пайда бергенин же канчалык баасы барлыгын көрсөтүү. Мисалы, үйдү тоноп кеткен ууру үй ээсине канчалык зыян алып келгени жана өзү канча жылга соттолушу мүмкүн экени окуянын баасын көрсөтүп жатат. Окуянын баалуулугун караганда сөзсүз эле анын оң баасын эмес, терс баасын да караш керек.

            Эгерде биз түшүм алынды, дыйкандар кубанды, күзгү иштер аягына чыкты деп эле жазып койсок, ал кимге эмнеси менен кызык болот?

Окуянын уникалдуулугу

Бул звено да жаңылык жазып таркатуудагы маанилүү учур. Биз дайыма окуя тууралуу жазганда ал окуянын ар тараптуу маанисин көрсөтүүбүз керек. Ошолордун бири – окуянын уникалдуулугу же кайталангыстыгы, сейректиги.

            Кээде кайсы бир жерде күтүлбөгөн окуя болот, айталы, борбордон артисттер келип, концерт коюшат. Бул, балким, ошол жерге артисттердин биринчи жолку келишидир. Эгер андай болсо, аны заметкада сөзсүз белгилеп кетиш керек. Мисалы, «бул айылга борбор калаанын артисттеринин биринчи жолу келиши» деп жазып коюу зарыл. Бул окурманга кошумча маалымат берет: көрсө, бул айылга мурда борбордогу артисттер келбеген экен.

            Кээде, айрым жерлерде акыркы окуялар болот. Мисалы, айталы, Жалал-Абад шаарында тээ атам замандагы паровоз акыркы жолу гудок берип, «ардактуу эс алууга» кетип жаткандыр. Муну да белгилеп коюу керек: бул паровоздун акыркы гудогу, акыркы сапары, бул – тарых, демек окуянын мааниси ачылып жатат.

            Акыркы жолу каар жаайт, акыркы же биринчи жолу концерт берет, же күрөң кар жаайт ж.б. Дайыма окуянын баалуулугуна назар сала жүрүү керек, ал жаңылыктын маанисин бийиктетет.

 «Journalist.news», №8, 2012-жыл

Leave a reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>