Сапаттуу журналистикалык макаланы даярдоо боюнча түбөлүктүү кеңештер

Category: Жалпы Comments: One comment

Журналисттик ишмердүүлүктө эч качан эскирбеген ыкмалар бар. Мен редакторлоо үчүн жоон карандашты колдонуп, макалаларымды машинка менен терип жаткан кезде алар кандай орчундуу болсо, алар азыр деле ошондой. Менимче, 40 жылдан кийин азыркы студенттер баралына толгон журналисттер болгондо да алар ошондой эле орчундуу бойдон кала берет.

Кыска-нуска жазгыла
70-жылдары Техас университетинин студенти болгон кезимде кыска-нуска жазуу кандай зарыл экенин түшүндүм. Ал кезде жана кийинчирээк деле журналисттик өмүрүмдүн көп бөлүгүндө гезит кагазы кымбат болуп, гезиттеги орун да өтө баалуу болгондуктан кыска-нуска жазуу зарыл эле. А бүгүн кыска-нуска жазбасаңар онлайн басылманын окурмандарынын көңүлүн кармап тура албай каласыңар, алар башка макалага өтүп кетишет. Ошондой эле Twitterде бир нерсе айтыш үчүн сиздин карамагыңызда болгону 140 гана белги бар.
Мындан он жыл мурун “Ар бир сөз маанилүү болуш керек” деген аталыштагы семинар даярдаган элем, анда айтылган кеңештердин көбү бүгүн да орчундуу. Гезиттик макалалардын авторлору ЛИДге (макаланын башындагы макала тууралуу кыскача баяндама) мүмкүн болушунча көп маалыматты батыргысы келет, — мындай нерсени биз “чемодандык лид” деп коебуз: алыска кетип жаткан автор чемоданына мүмкүн болушунча көп буюмдарды батыргысы келгендей таасир калтырат. Мен өз семинарларымда тескерисинче кыска бирок кызыктуу лиддерди жазганга кеңеш берем.
Баса, Twitter, лиддерди жазуу үчүн жакшы аспап боло алат. Эгерде силердин лидиңер твитке батпаса, анда ал өтө эле узун.

Эмне? Каякта? Качан?
«Беш W» деген суроолордун топтому (англ. «what?» — эмне?, «who?» — ким?, «where?» — каякта?, «when?» — качан? жана «why?» — эмне үчүн? деген сөздөрүнөн) заман өзгөрүшү менен орчундуулугун жоотпогондугу үчүн журналистикадагы кайсы бир стандарт катары кабыл алынат. Мен карьерамды жаңыдан баштап жатканда журналисттер аны эчак эле колдонуп келишкен. Бүгүн да алар орчундуу, мейли макала жазгыла, видео тарткыла, интерактивдүү карталарды түзгүлө.
Эң көп кызыгууну жараткан менин макалам “Эмне үчүн «Беш W» бизнесте журналистикадан кем эмес керек” деп аталат. Бул макалага байланыштуу чоң трафиктин себеби – адамдар Интернетте «Беш W» эрежесине байланыштуу маалыматты көп издегенинде. Алар журфактын студенттериби, же блогерлерби, ким экенин билбейм, бирок бул макаламды айына 800 адам окуйт, алардын көбү издөө кызматтарынан келишет. Демек, бул тема окурмандарга кызык. (кызыгы, “Интернетке макалаларды жазуу үчүн «Беш W» эрежелери” макаламды издөө кызматтары көп “жактыра” бербей, бирок ал, менин баамымда, кызыккандарга пайдалуураак болот эле).
Блогго пост (макала) (же твит) жазып жатканда, силердин материал журналистиканын: “Ким?”, “Эмне?”, “Качан?”, “Каякта?” жана “Эмне үчүн?” деген негизги суроолоруна жооп бериши керектигин эстен чыгарбагыла.

Окуяны айтып бергиле
Силер мектептен окуп үйрөнө турган аңгеменин зарыл бөлүктөрү, «Беш W» эрежелери сыяктуу эле орчундуулугун эч качан жоготпой турган нерселер. Алар «Беш W» эрежелери менен айкалышып, суроолорго жооптордун тизмегин кадимки аңгемеге айландырат.
• Каарман: каарманыңардын үстүнөн иштегиле (ал ким экенин көбүрөөк билгенге аракеттенгиле, анын муну же тигини жасагандарынын себептерин, таржымалын изилдегиле). Ошондо силер “Ким?” деген суроого жеткиликтүү жооп таба аласыңар, баяныңар кызыктуу болот, окурмандын эсинде көпкө сакталып калат.
• Сюжет: баяныңардын сюжетин өнүктүргүлө, ошондо силер “Эмне?” жана “Кантип?” деген суроолорго жооп бересиңер.
• Окуя болгон убакыт жана жер: “Качан?” деген календардык датаны жана саатты, ал эми “Каякта” картадагы жерди көрсөтөт. Баянда окуя болгон жер менен убакыт бир-бири менен байланышта болот.
• Тема: Баяндоо ыкмасындагы теманы бергиле, ошондо “Эмне үчүн?” жана “Кантип?” деген суроолорго жооп бере аласыңар.
• Конфликт жана анын чечилиши: Бандоонун бул эки бөлүгү “Эмне үчүн?” жана “Качан?” дегенге жооп берет.

Стив Баттри
Стив Баттри “Digital First Media”га (http://www.digitalfirstmedia.com/) коомчулукту жана социалдык медианы тартуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси. Аталган макала компаниясына Стив Баттринин өздүк блогунда жарыяланган жана алар Түндүк Кентукки университетинин студенттерине окулагн семинардын бир бөлүгү болуп эсептелет.

«Journalist.news», №11, 2012-жыл

One comment to Сапаттуу журналистикалык макаланы даярдоо боюнча түбөлүктүү кеңештер

  • жанара  says:

    рахмат. жаш журналисттерге эн керектуу экен

Leave a reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>