Жалпы категориясы

Сапаттуу журналистикалык макаланы даярдоо боюнча түбөлүктүү кеңештер

Category: Жалпы Comments: One comment

Журналисттик ишмердүүлүктө эч качан эскирбеген ыкмалар бар. Мен редакторлоо үчүн жоон карандашты колдонуп, макалаларымды машинка менен терип жаткан кезде алар кандай орчундуу болсо, алар азыр деле ошондой. Менимче, 40 жылдан кийин азыркы студенттер баралына толгон журналисттер болгондо да алар ошондой эле орчундуу бойдон кала берет.

Кыска-нуска жазгыла
70-жылдары Техас университетинин студенти болгон кезимде кыска-нуска жазуу кандай зарыл экенин түшүндүм...

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: «Ишенбе, күмөн сана»

Category: Жалпы Comments: No comments

Татьяна Трубачева, “Голос республики” гезитинин башкы редактору, Казакстан. Анын айтымында, редакторлук кредосу 5 осуятка эле сыйып калат экен.

1. Ишенбе, күмөн сана.

2. Эч кимге, эч нерсеге ишенбе.

3. Баардыгын текшерип, тактап тур.

4. Баардык нерсеге кызыкканга умтул.

5. Классиканы оку.

 

«Journalist.news», №8, 2012-жыл

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: “Эгер эшиктен киргизбесе, терезесин сөзсүз тапса болот” (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

Зебо Таджибаева, “Азия-плюс” маалыматтык-аналитикалык агенттиктин директору, Тажикстан

1. Өз кулагыңа жана көзүңө гана ишен, диктофон менен камера андан да ишеничтүүрөөк болот.

2. Бакырба, бирок талап кыл.

3. Объективдүүлүк объективдүү болушу керек.

4. Ооз менен тамактын аралыгында көп нерсе болуп кетиши мүмкүн.

5. Материалды бүгүн бүтүрө алсаң, аны эртеңкиге калтырба.

6. Эгер эшиктен киргизбесе, терезесин сөзсүз тапса болот.

7...

Толугу менен

Башкы редактордун 10 осуяты: Окурманың эмне жөнүндө ойлонуп жатканын бил (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

Руслан Телегин, “Дело” деген аталыштагы Карагандадагы биринчи бизнес-гезитинин мурдагы башкы редактору. “Автомобилист” жумалыгын алты жыл жетектеген, Казакстан

1. Редактор, өзүң да жаз! Калем сап кармабай калган адам бат эле администраторго айланып калат. Күндөлүк жаз.

2. Бат жана так башкарганды үйрөн, бирок көп убакыт алдыга пландаштырып кой. Андан берки убакыттык пландарда эркинирээк, ийкемирээк болгонго аракеттен. ЖМК ээсинен акылдуурак болгонго умтул, бирок андан кыйын болууга шашылба...

Толугу менен

Журналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо (уландысы )

Category: Жалпы Comments: No comments

ЛИД деген эмне?

Муну силер Лидер деген сөздөн алынды деп эсептей бергиле. Лид дайыма жаңылык материалынын биринчи-экинчи сүйлөмүндө, абзацында берилет, алдыда болот. Негизинен Лидде окуянын негизги маңызы, талылуу жери, маанилүү чордону айтылышы керек. Кыскасы, жаңылыкты жаңылык кылган эмне болсо, ошону Лидге жазышыбыз керек. Мисалы, кайсы бир жерде табигый кырсыктан үйлөрдү сел каптаган болсо, дароо эле кепти ошондон баштоо керек...

Толугу менен

Журналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо

Category: АналитикаЖалпы Comments: No comments

Ким?

Эмне?

Качан?

Кай жерде?

Кандай? (Кантип?)

Эмнеге?

Эмне үчүн?

Душмандар кимдер?

Өнөктөр кимдер?

Кимге пайда?

Эмне үчүн пайда?

Кимге зыян?

Эмне үчүн зыян?

Эми эмне болот? (Андан ары не болот?)

Журналисттин текстинде ушул суроолордун бирине гана жооп болбой калса, анда жетекчилик «унчукпаганы» үчүн журналистке ким бирөөлөр төлөп коюшкан же журналисттин колунан иш келбейт деп ойлоого акылуу.

Валерий Панюшкин,

«Коммерсант» басма үйүнүн атайын кабарчысы...

Толугу менен

Өз макалаңарды редакциялоо боюнча кеңештер

Category: Жалпы Comments: 2 комментария

Дэвид Брюер

Журналисттердин көбү тексттериндеги фактылык, грамматикалык жана орфографиялык каталарды дайым эле байкай беришпейт. Редакцияда редактор жана атайы корректор бар болгондо бул өтө деле коркунучтуу эмес. Бирок акыркы учурда, журналисттер өз блогдорун (Интернеттеги күндөлүгүн) алып барганга кызыга башташты. Мындайда алардын тексттериндеги каталар оркойуп байкалып калат.

Тексттеги каталарды өз убагында байкап, оңдоо боюнча кеңештер менен бөлүшөбүз...

Толугу менен

Журналисттер үчүн пайдалуу 2011-жылдагы 5 мыкты мультимедиялык аспаптар

Category: ЖалпыИнтернет Comments: No comments

Margaret Looney

2011-жылы пайда болгон санариптик доордун технологиялык аспаптарынын арасында журналисттик ишти бир кыйла жеңилдетип, аны кызыктуурак кыла тургандары да арбын.

IJNetтин баамындагы 5 мыкты мультимедиялык аспаптар менен таанышып көрөлү.

1. Dipity (http://www.dipity.com) – акысыз хронология генератору жана санариптик баяндоо аспабы. Анын жардамы менен журналист баядап жаткан окуяны бир кыйла жандуурак жана да түшүнүктүүрөк кыла алат...

Толугу менен

Журналистикадагы калыстык

Category: ЖалпыЭтика Comments: No comments

IMG_0069a

Дэвид Брюэр, “ЖМК ЖМКга жардам берет”

Калыс болуу – бул кайсы бир тарапка тартпай, чынчыл болуп, сын-пикирлерге сабырдуу мамиле кылуу. Бул оңой эмес. Ар бир журналисттин өз көз карашы бар, бирок ал болуп жаткан окуя тууралуу ишенимдүү, толук кандуу маалымат бериш үчүн өзүнүн жеке мамилесинен жогору болгонго аракет кылышы керек. Кеңири аудиторияга болуп жаткан окуя тууралуу болушунча чындыкка жакын айтып бериш үчүн бардык пикирлерди так жана туура чагылдырышы абзел...

Толугу менен

«Жакшы баяндоонун элементтери эч качан эскирбейт», — Пулитцер сыйлыгынын лауреаты

Category: ЖалпыИликтөө Comments: One comment

jacqui-banaszynski

Джеки Банажински 30 жылдан бери репортер жана кабарчы болуп иштеп келет. Жаңы платформалар жана аспаптар журналистикада колдонула баштаганын жакшы билет.

1988-жылы ал “СПИД азыр тылда” деген макалалар түрмөгү үчүн Пулитцер сыйлыгын алган. Учурда АКШда Миссури штатыныны университетинде журналистика факультетинде сабак берет. Ошону менен катар Пойнтер атындагы институтта да эмгектенип келет.

IJNetке берген интервьюсунда электрондук технологиялар дүркүрөп өсүп-өнүгү...

Толугу менен