HomeЖалпы“Жакшы баяндоонун элементтери эч качан эскирбейт”, – Пулитцер сыйлыгынын лауреаты

“Жакшы баяндоонун элементтери эч качан эскирбейт”, – Пулитцер сыйлыгынын лауреаты

Джеки Банажински 30 жылдан бери репортер жана кабарчы болуп иштеп келет. Жаңы платформалар жана аспаптар журналистикада колдонула баштаганын жакшы билет.

1988-жылы ал “СПИД азыр тылда” деген макалалар түрмөгү үчүн Пулитцер сыйлыгын алган. Учурда АКШда Миссури штатыныны университетинде журналистика факультетинде сабак берет. Ошону менен катар Пойнтер атындагы институтта да эмгектенип келет.

IJNetке берген интервьюсунда электрондук технологиялар дүркүрөп өсүп-өнүгүп жаткан заманда да өз маанилүүлүгүн жоготпогон константалар – максатына жете турган баяндоонун өзөктүү аспектилери жана репортаждагы тыкыр изилдөө менен адамгерчиликти сактоонун ортосундагы баланс тууралуу сөз кылат.

IJNet: Технологиялардагы өзгөрүүлөргө карабай, адам  туурауу баяндоонун кайсы аспекти эч өзгөргөн жок?

ДБ: Айрым бир учурларда, кырдаалдарда кайсы бир аспап башкаларга караганда жакшы иштейт: аудио (адамдын үнү) жеке өздүк болот; фотосүрөт убакытты токтотот; видео кыймылды көрсөтөт; текст (салттуу сапаттуу басма) татаалдыкты, байланыштарды жана тереңдикти чагылдырыш үчүн эң жакшы.

Ошол эле учурда жакшы баяндоонун эч өзгөрбөгөн элементтери бар:

– Окуянын, кырдаалдын чордонунда адамгерчиликти табуу.

– Айрым жеке окуя, кырдаалдарда универсалдуу теманы же маанилүүлүктү издөө.

– Мүмкүн болушунча так жана эсте калаарлык болуу.

– Окуяларды кеңири контекстте карагыла: окурмандарга, алар кайдан келгенин, кайсы убакта жашап жаткандарын жана кандай кырдаалдар менен байланышта экендигин билүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергиле.

IJNet: Айрым журналисттер үчүн талаш-тартыштуу жана адамдын жеке турмушуна байланыштуу темаларга терең репортажды даярдоо көп кыйынчылыктарды жаратат. Адамдын жеке турмушуна кийлигишүүнүн, кызыгуунун чегин аныктоо өтө оор. Мындайда балансты сакташ үчүн эмне кылуу керек?

ДБ: Эгер биз өз ишибизди чын эле адамга боорубуз ооруп, абал кандай экенин жакшы түшүнүп, тактыкка умтулуу менен алып барсак, адатынча, көп нерселерди биз маектештерибизден сурап биле алабыз. Кайсы бир сөздөргө жана калыптанып калган көз караштарга көңүл бурбай, адамды жана анын бул жашоого көз карашын чын дилиңен билгиң келишиң керек. Тактап айтканда, адамга сиз Ким экениңерди, эмне үчүн Сиз ага кызыгып жатканыңарды түшүндүрүп, өз ишиңер тууралуу айтып, шарттарды аны менен такташып, анын маселелери менен кызыккыла.

Жана акыркы кеңешим: интервьюңардын каармандарына алардын бул жашоодогу абалына жараша мамиле кылгыла.

1.Мамлекеттик чиновниктер жана атактуу адамдар биз кантип иштээрибизди билишет; алар менен чынчыл болуп, этикалык принциптерди сакташ керек, бирок кээ бир айрым нерселерди аларга ийне-жибине чейин түшүндүрүп берүүнүн кереги жок.

2.Кайсы бир жагдайга байланыштуу күтүүсүздөн көңүл чордонунда болуп калган жөнөкөй адамдарга көбүрөөк көңүл буруш керек: аларга айрым майда-барат нерселер тууралуу толугурак айтып берүү абзел. Ошол эле учурда алар жашы жетип, өздөрү чечим кыла алгандар болсо, аларга андай мүмкүнчүлүк бергиле.

3.”Өзгөчө көңүл бурула тургандарга” жаш балдар, психикалык оорулуулар, шоктон чыга элек адамдар, же майып болгондор, кээде баңгинин же алкоголдун таасириндеги адамдар кирет. Алар эмне кылып жатышканын жакшы аңдабашы мүмкүн. Мындайда, алар сиз менен сүйлөшүп жатып эмне кылып жаткандарын жакшы билишеби, деген суроону өзүңөргө бергиле. Акыркысы, берген убадаңарга дайыма бекем туруп, аны аткаргыла.

Photo: RJI.

 IJNet, Линдсей Кальтер,
 http://ijnet.org/ru/blog/96656,
«Journalist.news», №4, 2011-жыл

1 thought on ““Жакшы баяндоонун элементтери эч качан эскирбейт”, – Пулитцер сыйлыгынын лауреаты

  1. Абдан пайдалуу! ОЗгочо бул жакты: Айрым журналисттер үчүн талаш-тартыштуу жана адамдын жеке турмушуна байланыштуу темаларга терең репортажды даярдоо көп кыйынчылыктарды жаратат. Адамдын жеке турмушуна кийлигишүүнүн, кызыгуунун чегин аныктоо өтө оор. Мындайда балансты сакташ үчүн эмне кылуу керек?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *