HomeЖалпыЖурналисттер үчүн пайдалуу 2011-жылдагы 5 мыкты мультимедиялык аспаптар

Журналисттер үчүн пайдалуу 2011-жылдагы 5 мыкты мультимедиялык аспаптар

Margaret Looney

2011-жылы пайда болгон санариптик доордун технологиялык аспаптарынын арасында журналисттик ишти бир кыйла жеңилдетип, аны кызыктуурак кыла тургандары да арбын.

IJNetтин баамындагы 5 мыкты мультимедиялык аспаптар менен таанышып көрөлү.

1. Dipity (http://www.dipity.com) – акысыз хронология генератору жана санариптик баяндоо аспабы. Анын жардамы менен журналист баядап жаткан окуяны бир кыйла жандуурак жана да түшүнүктүүрөк кыла алат. Баяндалып жаткан окуяга байланыштуу видеону, аудиону, фотосүрөттөрдү, тексттерди, шилтемелерди, социалдык медианы, окуя болгон жер жана убакыт белгилерин бир-бири менен байланышта жайгаштырса болот. Мисалы, Washington Post атактуу кино жылдызы Элизабет Тейлор кайтыш болгон күнү, анын өмүр таржымалынын интерактивдүү хронологиясын түзгөн.

2. Qik – (http://qik.com) – Бир орунда отурбаган, мобилдүү журналисттер үчүн пайдалуу аспап. Окуя болуп жаткан жерден түз эфирдеги репортаж жасаса болот. Бул программалык жабдык 3D же HD форматтарында видеону тарт алат жана аны көрүүчүлөр сиз тартып жаткан убакта эле көрө алышат. Же видеону кечирек социалдык медиа сайттарына жайгаштырса болот. Дагы бир пайдалуу функциясы – мобилдүү видео чат.

3. Google Fusion Tables (http://www.google.com/fusiontables/Home) – эгер бир нече адам бир-бири менен байланышы жок бир ай аралыгында чогултушкан эбегейсиз зор маалыматтар топтому менен иштегенге туура келсе, анда бул Googleдун аспабы силерге эң пайдалуу болот. Бул аспап маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана аларды жарыялоо менен алардын ортосундагы кайсы бир байланыштарды табууга жардам берет. Жүктөөр менен силердин маалыматыңар картага, убакыт шкаласына же таблицага айланат. Аларды бир нече мүнөттүн аралыгында өз сайтыңарга жайгаштыра аласыздар. Сиз маалымат топтомуңар менен башкалардын да танышуусуна, ошондой эле алар өз маалымат топтомдорун кошуусуна жана сиздин маалымат топтомуңар менен бириктирүүсүнө уруксат бере аласыздар. The Guardian гезитинин маалыматтар блогу fusion tables кызматын “Мексикадагы наркосогуштагы киши өлтүрүүлөр”, “2010-жылдагы шайлоолор” ж.б. темалары боюнча репортаждарында кеңири колдонуп келет.

4. Qwiki (http://www.qwiki.com) – Google кызматына альтернатива түзө алган көңүлгө татырлык издөө кызматы. Qwiki издөөнүн жыйынтыктары боюнча мультимедиялык презентацияны бир ирмемде түзө коет. Мисалы, “журналистика” деген сөз боюнча издөө жүргүзүлгөндө “Журналистиканын тарыхы”, “Басма сөз эркиндиги”, “Маалымат булактарын коргоо”, “Фотожурналистика”, “Жаңылык медиалары” сыяктуу беш топчо боюнча аудио форматтагы сөздүк аныктамаларды берет.

5. Vuvox (http://www.vuvox.com) сизге маалыматтар топтомун визуалдаштырган акысыз аспаптын жардамы менен текстти, сүрөттөрдү, видео- жана аудиоматериалдарды өзүнө камтыган интерактивдүү презентацияны түзүүгө жардам берет. Сиз Flickr же Picasa кызматтарынан (сүрөттөр менен иштөө жана аларды жайгыштыруу кызматтары) контентти көчүрүү менен жөнөкөй веб-альбомдорду түзүп, теманы тандап, экспресс деген опцияны колдонуу менен аларды жарыялай аласыздар. Өздүк панораманы түзүш үчүн “Коллажды” колдонгула. Сиз презентацияңарды тексттерге, ЖМКга жан башка веб-сайттарга шилтеме кылуу менен блогдорго жана социалдык медиага жайгаштыра аласыз. Vuvox кызматынын жардамы менен, мисалы, “Доннанын мээсин сактап калуу” (http://www.vuvox.com/collage/detail/01449b9934″ \t “_blank) жана “Psychedelic Robot Ride” (http://www.vuvox.com/collage/detail/01080642ab) сыяктуу кызыктуу презентациялар жасалган.

Булак: http://ijnet.org

«Journalist.news», №6, 2012-жыл

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *