HomeЖалпыӨз макалаңарды редакциялоо боюнча кеңештер

Өз макалаңарды редакциялоо боюнча кеңештер

Дэвид Брюер

Журналисттердин көбү тексттериндеги фактылык, грамматикалык жана орфографиялык каталарды дайым эле байкай беришпейт. Редакцияда редактор жана атайы корректор бар болгондо бул өтө деле коркунучтуу эмес. Бирок акыркы учурда, журналисттер өз блогдорун (Интернеттеги күндөлүгүн) алып барганга кызыга башташты. Мындайда алардын тексттериндеги каталар оркойуп байкалып калат.

Тексттеги каталарды өз убагында байкап, оңдоо боюнча кеңештер менен бөлүшөбүз. LinkedInдеги талкуу учурунда көп кеңештер айтылган эле, алардын арасынан үчөө өзгөчө кызыгууну жаратты:

  1. Мээңерди алдаганга аракет кылгыла – тексттин, шрифттин жана фондун өлчөмүн жана түсүн өзгөрткүлө.
  2. Тексттин мазмунунан, баяндалышынан алаксыгыла – каталарды табууга бүт көңүлүңөрдү  буруш үчүн текстти ылдыйдан жогору окугула.
  3. Текстти принтерден чыгарып, аны үн чыгарып окугула – сүйлөмдөрдү түзүүдөгү каталар даана байкалып калат.

Мээңерди алдагыла

Терри О’Коннор, мурда басылмаларда жана интернет-басылмаларда иштеген, учурда эркин журналист жана тренер. Анын пикиринде, эң башкысы – мээни алдаш керек. Терри мындай дейт:

“Журналисттер адатынча жазып жаткан макаласын четке коюп, бир аз убактан кийин кайра ага кайрыла алышпайт, мындайда “башкалардын сын көзү” бизге жетишпейт. Биздин көзүбүз катаны көрүп турганы менен, мээбиз көз көрүп турганды биз жазгыбыз келген нерсе катары кабылдайт.

Ошондуктан, мээни алдаш үчүн, материалды башка бир, көнүмүш эмес түрдө берип, өз текстибизди эмес, башка текстти окуп жаткандай абалга келгенге аракет кылышыбыз зарыл. Эгер бир аз убактыңар бар болсо, аны принтернден чыгарып окуп чыккыла. Эгерде убактыңар тар болсо, же кагаз жок болсо, компьютердик экрандын көрсөтүү өлчөмүн, барактын туурасын, тексттин, фондун түстөрүн же аталган баардык нерселерди өзгөрткүлө”.

Макаланын материалын контексттен ажыраткыла

Фил Хардинг, журналист, медиа-консультант жана BBC World Service кызматынын жаңылыктар боюнча мурдагы директору. Ал каталарды табуунун натыйжалуу ыкмасын билбестигин, бирок О’Коннордун ыкмасына жакын ыкманы колдонуп келээрин айтат. Бул жерде да негизги максат –текстти башкача кабылдаганга мээни мажбурлоо.

“Аны бир түнгө калтыргыла… мүмкүнчүлүк болсо, басып чыгаргыла… шрифттерди өзгөрткүлө… абзацтарды тетири иретте (ылдыйдан жогору) окугула (эң негизгиси, макаланын баяндалышына алаксыбаш керек)… баарынан жакшысы – үн чыгарып шашпай окуу”.

Үн чыгарып окугула

Ник Рэйстрик, Media Training Station Community Interest Company борборунун директору. Ал да Фил Хардингдин материалды үн чыгарып окуш керек деген кеңеши менен макул. Мындайда сүйлөм түзүлүшүндөгү, сөздөрдү туура эмес колдонуудагы каталар жакшы байкалат. Бирок ошол эле учурда Ник Рэйстрик каталарды оңдоп берүү суранычы менен кесиптештерине кайрылат.

“Мен чоң шрифт менен терилген текстти компьютердин экранынан үн чыгарып окуйм… ошондой болсо да көп каталарды байкабай калам. Мен өзүмдүн макаламды редакциялай албагандыгым ыңгайсыздыктарды жаратат, анткени мен башкалардын макалаларын өтө дыкаттык менен текшерем”, – дейт Рэйстрик. – “Мен редакторлордун бейформал тармагын түзгөн элем. Өз ара кызматташуунун алкагында мен аларга өз макалаларымды жиберип турам. Бирок бул дайым эле жарай бербейт, өзгөчө убакыт тар болуп турганда…”

Мааниси жок сүйлөмдөргө өзгөчө көңүл бургула

Боб Доран, ВВСнин мурдагы алдыңкы журналдисти, учурда медиа-консультант жана тренер. Текстти үн чыгарып окуу ойдун көнүмүш агымын буза тургандыгы менен макул.

“Мен журналисттерге дайыма жазган тексттерин үн чыгарып окуганга кеңеш берем. Кээде материал экранда эң сонун көрүнөт. Бир гана үн чыгарып окуганда андагы кемчиликтерди байкайсың.

Бул өзгөчө радио жана телеберүүгө сценарийлерди жазып жатканда пайдалуу. Эгер сүйлөмдөр өтө эле узун жана көп сөздүү болуп, аларды окуу кыйын болсо, анда алар эфирде начар кабылданарын билгиле”.

«Journalist.news», №8, 2012-жыл, макала IJNetтин өнөгү Media Helping Media уюмунун сайтында (http://www.mediahelpingmedia.org) жарыяланган.  

2 thoughts on “Өз макалаңарды редакциялоо боюнча кеңештер

  1. кенештеринер чындап эле пайдалуу экен. рахмат

  2. Туура айтылган экен кенештер. Мен да жазган текстти ун чыгарып окуганда коп каталарымды табам

Добавить комментарий для анара Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *