HomeЖалпыБашкы редактордун 10 осуяты: Окурманың эмне жөнүндө ойлонуп жатканын бил (уландысы )

Башкы редактордун 10 осуяты: Окурманың эмне жөнүндө ойлонуп жатканын бил (уландысы )

Руслан Телегин, “Дело” деген аталыштагы Карагандадагы биринчи бизнес-гезитинин мурдагы башкы редактору. “Автомобилист” жумалыгын алты жыл жетектеген, Казакстан

1. Редактор, өзүң да жаз! Калем сап кармабай калган адам бат эле администраторго айланып калат. Күндөлүк жаз.

2. Бат жана так башкарганды үйрөн, бирок көп убакыт алдыга пландаштырып кой. Андан берки убакыттык пландарда эркинирээк, ийкемирээк болгонго аракеттен. ЖМК ээсинен акылдуурак болгонго умтул, бирок андан кыйын болууга шашылба.

3. Баардыгын: жазганды да, макаланын аталышын тапканды да, версткалаганды да, бильд (сүрөт, графикалар) менен иштегенди да, долбоолорду көзөмөлдөгөндү да өзүң жасагандан кач. Болбосо жакынкы убакыт аралыгында перфекционизмдин (баарын өтөсүнө жеткире жасаса болот деген ишеним) бул аңынан чыга албай каласың. Бирок баарын “5”ке жасаганды билишиң керек. Кызматкерлериңди да буга үйрөт.

4. 18:01де (расмий иш убактысы бүткөндө) редакциядан кеткенге шашылгандар менен иштебе.  Кечиккендер менен согушпа: баары бир редакцияда таң эрте деген маал болбойт, ал эми сени башкалар жинди катары кабыл алышы мүмкүн. Башкача иштет, ошондо дедлайн (ишти, макаланы бүтүрүү убактысы) мынчалык азап болбойт.

5. Календарга  чыгармачылык мамиле кыл, китепканага барып тур, тарыхый параллелдерди жүргүзгөндөн коркпо, каз, изде, камырабай бир орунда үңкүйүп отурганга мүмкүнчүлүк бербе. Соцтармактарды, жаңы технологияларды, эл аралык конференцияларды кеңири колдон.

6. Басылманын демилгесинде жана колдоосунда жылына чоң иш-чараларды өткөрүп тур: көргөзмөнү, мелдешти, кайрымдуулук аукционду. Сезондук акцияларды да өткөрүп тур. Мурдагы каармандарга, жеңүүчүлөргө кайрылып тургула, алардын тагдырына жана жаңылыктарына кызыккыла.

7. Жөө бас, коомдук транспорт менен колдон, базарга бар, майрамда эл арасында бол. Окурманың эмне жөнүндө ойлонуп жатканын бил. Коомдун маанайын сезе бил. Трендди (моданы) ээрчибе, аны кайрадан сен өзүң түз. Редакцияда камалып отура бербей, эл алдына чык.

8. Гезиттин кезектеги номурун бүтүргөндө, эс алганды үйрөн. Кесибиң менен байланышта болбогон хоббиң болсун. Сени үйдө жакындарың күтүп турганын эч качан эстен чыгарба.

9. Акыркы жаңылыктар менен тааныштырып турган ньюсмейкерлериңдин жоон тобу болсун, алардын санын өстүргөнгө аракеттен, аны үчүн штаттан сырткаркы кабарчыларды колдон, ар бир кызматкериңдин ушундай “жардамчылары” болушун талап кыл.

10. Өз адамдарыңды эч качан сатпа. Башкаларга окшош эмес адамдар менен иште, бирок көк мээ, келесоолорго жакындаба. Адамдарды идеяларың менен өзүңө тартканды үйрөн, аларга жардам бер, үйрөт, досу бол. Ошондо алар сенин эң жакын, ишенимдүү адамдарың болот.

«Journalist.news», №8, 2012-жыл

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *