HomeТВ/РадиоБашкы редактордун 10 осуяты: “Мактагыңыз келип турса да, карманып бир гана жакшы сөз менен чектелиңиз”

Башкы редактордун 10 осуяты: “Мактагыңыз келип турса да, карманып бир гана жакшы сөз менен чектелиңиз”

Ольга Каплина, Интерньюстун “ТВ-бөлүшүү” долбоорунун жетекчиси жана Ержан Сулейменов, “31-каналдын” мурдагы башкы редактору (Казакстан) биргелешип башкы редакторлор үчүн зыянкеч  кеңештерин  сунушташат:

1. Сиз өзүңүз ойлоп таппаган темалардын бардыгын четке каккыла. Ал эмес укпай да койгула: сиз эчак эле баардыгын таап, ойлонуштуруп койгонсуз.

2. Кабарчы үчүн темаларды дайыма өзүңүз таап бериңиз. Планеркага сунуштай турган нерсеси жок келдиби – азамат, жакшы аткаруучу болот.

3. Журналисттик топтун эмне үчүн тартуудан кеч келгендиги тууралуу түшүндүрмөсүн эч укпагыла, дароо эле директорго доклад-арызыңарды жазгыла.

4. Жасаган азганактай иши үчүн чоң айлык төлөнөөрүн  кабарчыларга, операторлорго, видеоинженерлерге эскертип турганды унутпагыла.

5. Сюжетти мактагыңыз келип турса да, карманып бир гана жакшы сөз менен чектелиңиз, анан аны көпкө сындагыла, адам кааласа сындаганга себеп табылат эмеспи.

6. Сиренанын үнүн укканда жаман болуп кетип, өзүн жогото баштаса да кабарчыны бир темага байлап андан жалаң гана криминалды даярдашын талап кылгыла.

7. Кабарчыга гезит окуганга мүмкүнчүлүк бербегиле, Интернетин да өчүрүп салгыла – жумуш убактысын арзыбаган нерселерге коротпосун.

8. Кабарчыга, операторго, видеоинженерге окуу куралдарын окуганга тыюу салгыла – билимдүү болуп алышса, сиздин ордуңузду талашышы мүмкүн. Алар кайсы бир окутуу-семинардан келишсе, окутуудагы шарт “идеалдуу” болгонун, а сиздин каналдагы шарт таптакыр башка экенин, алган билимдерин, стандарттарын колдонууга болбостугун эскертип тургула.

9. Эфирге чейин кабарчынын материалын окубагыла, бул материалды кантип жакшыраак кылса болот эле, аны үйрөтпөгүлө, андан көрө материал эфирге чыккандан кийин түнкү саат 10дордо үйүнө чалып, анын материалын “чү” дегенде эле катуу сындай баштагыла.

10. Кабарчыны, операторду, видеоинженерди жана алып баруучуну жакшы көрүүнүн кажети жок, алар болбосо сиздин жаңылыктарыңыз укмуштай сонун болмок.

 

«Journalist.news», №8, 2012-жыл

1 thought on “Башкы редактордун 10 осуяты: “Мактагыңыз келип турса да, карманып бир гана жакшы сөз менен чектелиңиз”

  1. Ой муну биздин главныйлар укса редактор, операторлорго кун корсотпойт го. Не реальный жазылып калыптыр айрымдары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *