HomeФотографияФотожурналистика. Негиздер

Фотожурналистика. Негиздер

Жаңы технологиялар, социалдык тармактардын өнүгүүсү фоторепортажды бүгүн заманбап ЖМКлардагы эң башкы жанрга айлантып койдук десек болот. Эгерде гезиттерде фотосүрөт көп учурда материалга кошумча каражат болсо, интернет-басылмаларда ал биринчи орунга чыгат. Бул колдонуучулардын каалоосу.

Адам видеого салыштырмалуу сүрөттөрдү, андагы деталдарды үңүлүп караганды көбүрөөк жакшы көрөт. Так ошол фоторепортаждар сайттын көп баракчасын ачууга түрткү болот.

“Московские новости” гезитинин атайын кабарчысы Евгений Гладиндин пикиринде, жакшы фоторепортаж адам тууралуу текстке караганда көбүрөөк маалымат берет.

Евгений үчүн фоторепортажды тартуу, керек учурда видеону да тартуу, материалдын каармандарына суроо узатуу, фотосүрөттөргө түшүндүрмо жазуу – күнүмдүк кадыресе иш.

Шымкентте 2 гезит, 1 телеканалдын башын бириктирген otyrar-tv.kz редакциясында өткөн семинарда Евгений журналисттерге бир жума фотожурналистиканын негиздери, фотоаппараттарды колдонуу, фотосүрөттөрдү тартуу тууралуу айтып берди.

Бул семинар учурунда айтылгандардан кыска тезистерди сунуштайбыз. Эскерте кете турган нерсе – алар негизинен кесипкөй фотокоррлорго эмес, фотожурналистиканы жаңыдан гана өздөштүрүп жаткандарга эсептелген.

ФОТО

Фоторепортаж пландаштыруудан башталат. Планеркада материалдардын темасын талкуулап жатып, сөзсүз түрдө фоторепортаждын да темасын аныкташ керек. Башкача айтканда сүрөт тартууга чейин фотокоррду тапшырма менен тааныштыруу зарыл.

Эгер сиз кондитердик ишкананын ачылышы тууралуу репортаж даярдашыңар керек болсо, таттуу токочторду (пирожныйларды) гана тартпай, аларды жеп жаткан адамдарды тарткыла.

Адамдардын портретин тартып жатканда, алар кайсы бир интерьердин фонунда болушуна көңүл бургула. Ал чоң план менен тартылган адамдын бетине караганда бул адам тууралуу көбүрөөк маалымат бере алат. Алдын ала ойлонуштурулуп, атайы максат коюлган учурда гана адамдын беттерин чоң планда тартсаңар болот.

Фоторепортажда фотосүрөттөр жасалма болбошу керек. Телеоператорлорго окшоп, силер адамдардан кадрда бир нерсе кылып турушун суранбагыла. Оператор менен фотокоррдун максаттары ар башка. Зарыл учурда гана портретти тартып жатып жасалмалуулукка барса болот. 1-сүрөттөгүдөй.

(Йемендик үй-бүлөнүн портрети. “Word Press Photo-2012”. Автору: Stephanie Sinclair)

Түстөрдү өзгөртпөш керек. Керек учурда фотосүрөттөрдү күңүртүрөөк же ачыгыраак гана кылса болот. Сүрөттүн түсүн өзгөртүү – бул фотожурналистика эмес.

Эч качан адамдарды терезенин фонунда тартпагыла. Айрым гана учурларда муну кылса болот. Ошондо да жакшы оптикаңар болушу керек.

 

2-сүрөт. Күндү карап тартылган. Түштүк Осетиядан репортаж, “Московсие новости”. Автору: Александр Уткин

Фотосүрөттүн абадан (мейкиндиктен) турган рамкасы сөзсүз болушу керек.

Адамдарды адамдардын, баштарды баштардын фонунда тартпагыла.

Караны каранын, акты актын фонунда тартпагыла.

Кызылды көк менен контрастта тартуу керек.

 

3-сүрөт. (Кызыл жана көк. Шотландиядагы почта ящиги. © Flickr. ilgiovaneWalter (Sobchak))

Сиз тартып жаткан объекттен башка эч нерсе ачыгыраак (жарыгыраак) болбошу зарыл.

Тең салмактуулук эрежеси. Эгер сүрөттүн бир бөлүгү аны оорлотсо, анын башка бөлүгү жеңил болушу керек.

Диагональ эрежеси. Алыстап кеткен нерсени (перспективаны) тартып жатканда, анын бир сызыгы ылдыйкы оң бурч жакка такалышы керек. Өйдөңкү оң бурч жактан анын чыгуусу сөзсүз шарт эмес.

 

4-сүрөт. (Диагональ эрежеси. Монпарнас вокзалынын урандылары. Автору Анри Картье-Брессон)

Эгер объектинин чагылуусун тартып жатсаңар, ал объекттин өзүндөй болушу керек.

Кичинекей нерсе чоң нерсенин фонунда жакшы көрүнөт.

5-сүрөт. (Кичинекей чоңдун фонунда. Мартин Скорзезенин “Хранитель времени” тасмасынан кадр)

 

Балдар менен жаныбарларды алардын көзүнүн деңгээлинде (бойлорундай деңгээлде) тарткыла.

Маселени эмес, маселе тууралуу айтып жаткан адамды, анын кыймыл-аракетин тарткыла.

Фоторепортаж кеминде 7  сүрөттөн турушу керек.

Түшүндүрмө жазуулар (подпись)

Фотографияларга түшүндүрмө жазуулар – эң зарыл элементтердин бири. Эгер сүрөттөргө тема боюнча жакшы түшүндүрмөлөр бар болсо, чоң текстти жазуунун кереги жок болуп калат.

Окурман биринчи кезекте сүрөттү карайт, анан – сүрөттүн түшүндүрмө жазуусуна.

Тартуу жүргүзүлгөн географиялык жердин, шаар-айылдын аталышы, тартуу жүргүзүлгөн дата көрсөтүлүшү керек.

Адамдардын сүрөтүнүн алдына, алардын аты-жөнү жазылыш керек.

Сүрөттө адамдар болсо, алардын аты-жөнүнөн сырткары, каармандын бир цитатасын келтирип койсоңор жакшы болот.

Түшүндүрмө жазууда журналисттин эмоциясы эмес, маалымат болуш керек.

Гулим Амирханова, “Жаңы репортер” (http://newreporter.org). Макаланын орус тилиндеги вариантын бул шилтемеде

Гулим Амирханова

Internewsтун  “Борбордук Азияда жаңы медиаларды өнүктүрүү” долбоорунун координатору, медиа-тренер. “АРТ” телеканалынын (Караганда) жаңылыктар кызматынын жетекчиси, “Алматы” телеканалынын маалымат кызматынын башкы редактору болуп иштеген. Ошондой эле Internewsтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө эмгектенген. Автор катары көптөгөн казакстандык жана чет элдик ЖМКлар менен кызматташат. Блогер, “Атайын репортаж”, “Ток-шоу”, “ЖМКларды жылдыруу” курс-тренингдердин автору болуп эсептелет.

«Journalist.news», №10, 2012-жыл

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *