HomeИликтөөЧыр-чатакты жана башаламандыкты чагылдыргандарга он кеңеш

Чыр-чатакты жана башаламандыкты чагылдыргандарга он кеңеш

Журналист Джалдип Катвала чыр чатак болуп жаткан жердеги окуяны чагылдыргандарга 10 кеңешин берет. Катвала убагында Конго Демократиялык Республикасындагы окуяларды чагылдырган. Анын пикиринде чыр-чатакты чагылдыруу оор тапшырма жана өзгөчө тажрыйбаны  талап кылат. Андай жерде фактылар дайым эле чыныгы абал тууралуу толук маалыматты камтый албайт.

1: Клишени колдонуудан алыс болгула

“Караңгылыктын жүрөгү” –  бул Джозеф Конраддын Конго дарыясынын жээгиндеги саякатка арналган, 20-кылымдын башында жазылган китебинин аталышы. Эгерде силер Конго тууралуу жазып жатсаңар, анын темасында сөзсүз түрдө эле мамлекеттин атын колдонуу керек эмес.

2: Айтылган нерселердин баарына ишене бербеш керек.

Эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдар ар дайым жабыр тарткандардын тарабында болушат. Алар өздөрүнүн баянына кызыгууну жараткысы келет. Көпчүлүк учурда алардын баяны таң калтыраарлык деңгээлде айтылып, айрым учурда үрөйүңдү учурат. Силер маалыматты окуяга түздөн-түз катышкан күбөсүнөн эмес, укканын айтып берип жаткан адамдан алып жатканда бул кеңешти эске алып коюуңар пайдалуу болот.

3: Түпкү чындыкка жетем деп аракет кылбагыла

Чындык бар, бирок аны табуу абдан оор иш. Маселен, Конго Демократиялык  Республиканы алалы. Ал Улуу Британиядан, Франциядан, Германиядан, Испаниядан, Италиядан, Польшадан дагы чоң мамлекет. Бул мамлекеттердин баарын бириктиргенден дагы чоң. Журналист катары сиз өзүңүз көргөн билген, элден чогулткан материалдарга гана таянышыңыз керек. Мындай ишти өтө дыкаттык менен абайлап жасоо зарыл.

4: Контексттен деталдарды сууруп албагыла

MONUC – БУУнун эң көп тынчтык орнотуучу аскери жайгашкан жер. Анда 20 миң аскер жайгашкан. Мында жалпы контекстти унутпоо зарыл: Косоводо 40 миң чет элдик аскер жайгашкан.

5: Маалыматты колдонуудан мурун өзүңө суроо берип көр

Фактылар жана сандар түшүндүрмөсү жок эч нерсени бере албайт. Маселен Конго тууралуу маалыматта чыр чатак учурунда 5,4 миллион адам каза болгону айтылат. Сиз бул тууралуу эмне билесиз? Бул маалымат кантип чогултулган? Бул маалымат кайсы убакка таандык? Эгер сиз бул суроолорго жооп бере албасаңыз бул сандарды колдонбой эле койгонуңуз оң.

6: Кыйынчылыкка туш болгон адамдын жүзүн эсиңерден чыгарбагыла

Сексуалдык зордук зомбулук – бул ашкан зөөкүрдүк кылмыш. Сиз репортаж жасап жатканда, теманын, тарыхтын, маалыматтын дагы адамдык жүзү болоорун унутпаңыз.

 7: Сөзгө чалагайым болбогула

Силер колдонуп жаткан сөздөр үчүн жооптуу экениңерди унутпагыла. Мисалы “геноцид” деген юридикалык терминдин белгилүү түшүндүрмөсу, мааниси бар. Аны көп сандагы  адам өлтүрүлгөн жердин баарында эле колдоно берсе болбойт.

8: Бирөөнүн кызыкчылыгына алданбагыла

Убакыт эң кымбат жана баалуу нерсе экенин унутпагыла. Адатта кызыкдар тараптар саясый иш чарага байланыштуу маалыматтарды таратат. Мисалы БУУнун Коопсуздук Кеңеши болоордон алдын өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай иш аракеттерди кылууга чакырат. Журналист катары, сиз күн тартибиңизди өзүңүз түзүшүңүз керек, жана башкаларга сиздин күн тартипти түзүүгө мүмкүнчүлүк бербешиңиз абзел.

9: Жергиликтүү журналисттерге жасалган кысымды эч качан сизге тиешелүү эмес деп кабыл албаш керек

Конгонун журналисттери таптакыр башкача саясый шартта иштешет. Алар дайыма цензурага (же өзүн өзу чектөөгө) коркутуп үркүтүүлөргө, ар кандай басынтууларга дуушар болушат. Көп учурда каалаганын чагылдыра албай калышат.

10: Тарыхты унутпагыла

Тарых дайыма кайталанып турат. Ал эми журналисттер эч качан кайталанбашы керек.  Журналистика жаңы жыйынтык чыгарылган клишелердин коллекциясына айланбашы зарыл. Өзгөчө ой жүгүртүүгө аракет кылгыла, Окуяга сырттан көз салып, эч ким колдоно элек тарыхтан үзүндүлөрдү колдонуп чагылдыргыла.

Джалдип Катвала, “ЖМК ЖМКга жардам берет”, орус тилинен которгон Мэри Бекешова

«Journalist.news», №2, 2011-жыл

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *