HomeИнтернетFacebookту колдонуу боюнча алты кеңеш

Facebookту колдонуу боюнча алты кеңеш

Сүрөт http://www.cyberstyle.ru сайтынан алынды

Facebookтун мүмкүнчүлүктөрүн журналисттер краудсорсинг (кайсы бир иштерди акысыз жасатуу) жана баарлашуу үчүн кантип колдоно алышат? Ар бир колдонуучу Facebookта орточо алганда 25 мүнөт болот, – дейт Facebookтун журналисттер менен иштешүү боюнча менеджери Вадим Леврусик. ЖМКлар жана журналисттер колдонуучулардын кызыгуусун кантип жарата алат?

IJNetтин редакциясы Вашингтондогу Америкалык университетте Facebook өкүлдөрүнүн журналисттер менен болгон жолугушуусуна катышты. Бул иш-чарада Вадим Леврусик “Facebook жана социалдык журналистика” деген темада доклад жасап, Huffington Post, Homicide Watch жана Washington Postтун өкүлдөрүнүн катышуусунда дискуссия болду.

Бул жолугушуунун негизинде биз сизге төмөнкү кеңештерди сунуштайлы деп чечтик:

1. Facebookта өзүңөрдүн жеке бетиңерди ачкыла. Өзүңөрдүн жеке турмушуңар менен маалымат булактарын ич ара бөлгүлө. Журналисттердин Facebookту колдонуу боюнча жакшы мисалдары – бул “New York Times” гезитинде иштеген Николас Кристофдун баракчасы.

2. Facebookтун издөө кызматы менен колдонгонду унутпагыла. Сиз так ушул учурда адамдар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын биле аласыз.

3. Жеке кат алышууларды колдонгула. Сиз билбеген чоочун адамдарга кат жазуудан коркпогула: алар сиздин макалаңыз үчүн жакшы маалымат булагы болуп калышы толук ыктымал. Сиз Facebookтун мүмкүнчүлүгүн колдонуп аларга гана кат жазганыңыз үчүн алар да башка журналисттерге эмес, Сизге гана жооп бериши мүмкүн. “Homicide Watchтун” журналисти Лора Амико курмандыктардын туугандары аны менен телефон аркылуу эмес Facebook Chat кызматы аркылуу байланышка чыкканды жактырашарын билдирет.

4. Автоматтык жаңыртууну колдонбостон, өзүңөр жаңыртып тургула. Лаврусиктин айтымында, автоматтык жаңыртууга караганда өзүңөр жасаган жаңыртуулар үч эсе көбүрөк адамды тартат.

5. Аудиторияны жандандырыш үчүн Facebook Questions (суроо узатуу, сурамжылоо жүргүзүү) функциясын колдонгула. Буга жакшы мисал NBC’s Dateline: ал өз жактоочуларынан көрсөтүүгө даярдалган бир эпизод боюнча пикирлерин сураган.

“The Haunting” Кейт Моррисон эң көп добуштарга ээ болуп ошол эле жуманын ичинде көрсөтүлгөн болчу.

6. Эң негизгиси – бул колдонмолор. Facebook бир канча акысыз колдонмолорун сунуштап келет. Алардын катарына Live Stream box, Contact US form, Facebook Insights ж.б. кирет.

Жакында Facebook журналисттерге өз аудиториясы менен баарлашууну жакшыруу боюнча маалымат бере тургандыгын билдирди. Facebook+ Journalists баракчасы Facebook кызматкерлери тарабынан даярдалып, Facebookтагы журналисттердин жамаатчылыгы болуп эсептелет: анда көптөгөн пайдалуу маалыматтарды тапса болот.

Наташа Тайнс, IJNet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *