HomeТВ/РадиоИнтервьюну жакшы тартыш үчүн тогуз кеңеш

Интервьюну жакшы тартыш үчүн тогуз кеңеш

Учурда журналисттердин көбү видеону тартканды үйрөнүп жатышат. Төмөндөгү сунуштар жаңылыкка жараган жакшы, сапаттуу видеону тартууга жардам болмокчу.

Даг Мазелл, кинопродюсер жана оператор, көп жылдан бери Лос-Анжелесте иштеп келет. Ал видео интервьюну кантип туура тартыш керек тууралуу 9 кеңешин берет.

Үн тууралуу эч качан унутпагыла! Эч бир чоочун үндөр болбогон тынч жерди табыш керек. Камерадагы микрофон үндү жакшы жазышы үчүн объективге мүмкүн болушунча жакын болгула.

Сиз маек куруп жаткан адамдын бети кадрыңыздагы эң жарык объект болушу керек. Эгер адамдын артындагы фон өтө эле жарык болсо композицияны өзгөрткүлө. Балким, бир нече кадамга оңго же солго гана жылыш керек болоттур. Адамдын гана бетине көңүл бурбастан жалпы кадрга карагыла. Жакшы кадр – бул жакшы объект менен жакшы фондон турган сүрөт.

Фондо башаламандык болбогонуна аракеттенгиле. Мээбиз объектти өзүнчө бөлүп карай алат, ал эми камера баардыгын көрөт. Видеосүрөткө жакшы үңүлө карап, фон таза болушун камсыздагыла. Буга жетиш үчүн жанагыдай эле бир нече кадамга ары-бери жылышыңар мүмкүн.

Суроо берип жатып, сиз берген суроону кайталап анан жооп беришин өтүнгүлө.

Эгер мүмкүнчүлүк болсо, интервью берген адам өз сөзүндө атап кеткен буюмдарды, жерлерди, адамдарды тартып алгыла. Бул кадрлар окуяны айтып бергенге жардам берип калышы мүмкүн.

Кандай гана абалда болбосун жарай турган 5 суроону жазып алып, камерага бекитип койгула.

Камера кыймылдабашы үчүн штативди колдонгонго аракет кылгыла.

Жаныңарда дайыма кошумча батарейкалар жана эс картасы (карта памяти) болушу керек.

Камераны жана объективди дайыма таза кармагыла.

Даг Мазелл

«Journalist.news», №4, 2011-жыл

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *