HomeЖалпыЖурналистикадагы калыстык

Журналистикадагы калыстык

Дэвид Брюэр, “ЖМК ЖМКга жардам берет”

Калыс болуу – бул кайсы бир тарапка тартпай, чынчыл болуп, сын-пикирлерге сабырдуу мамиле кылуу. Бул оңой эмес. Ар бир журналисттин өз көз карашы бар, бирок ал болуп жаткан окуя тууралуу ишенимдүү, толук кандуу маалымат бериш үчүн өзүнүн жеке мамилесинен жогору болгонго аракет кылышы керек. Кеңири аудиторияга болуп жаткан окуя тууралуу болушунча чындыкка жакын айтып бериш үчүн бардык пикирлерди так жана туура чагылдырышы абзел.

Өзгөчө талаш-тартышты жараткан темаларды чагылдырууда бул нерселерди унутпашы керек: мындайда журналист өз пикирин эч кимге таңуулабай, өзгөчө дыкат жана бейтарап болушу керек.

Бейтараптуулук өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • темаларды жана көз караштарды чагылдырууда балансты сактоо
  • ар түрдүү пикирлерди чагылдыруу
  • карама-каршы көз караштарды изилдөө
  • материалда кайсы бир тарап жетиштүү эмес деңгээлде чагылдырлып калбашын текшерүү.

Редакциялык эркиндик жактан алганда, ар бир журналисттин эркиндиги – бул:

  • эгер чагылдырууга себеп бар болсо, каалаган теманы чагылдыруу
  • теманын өзгөчөлөнгөн жактарын чагылдыруу
  • өзгөчө пикирди айтууга мүмкүндүк берүү
  • калыптанып калган көз караштардан сактануу
  • аудиториянын кайсы бир бөлүгүн мазактай турган материалдарды берүүдөн баш тартуу
  • материал бергендер менен чынчыл болуу жана аларга сиздин суроолоруңузга жооп берүүгө мүмкүчүлүк берүү.

Ошол эле учурда биз жооп берүүгө мүмкүндүк берүүгө даяр болушубуз керек. Бейтараптуулукка умтулуп, болушунча объективдүү маалымат берүү максатында пикирлерин угалы деп чакырган конокторубуз – окумуштуулар, журналисттер жана башка конокторубуз дайыма эле бейтараптуу боло бербестигин түшүнгөнүбүз оң.

Бейтараптуулук өз орду менен болушу абзел: бардык эле нерсе тууралуу аргументтердин айтылышына умтулганыбыз же болбосо ар бир пикирдин айтылышына кеткен убакытты ченеп тууралаганыбыз ашыкча болоттур. Сиздердин редакциядагы эрежелерди тажрыйбалуу, абройлуу журналисттер менен талкуулаганыңар оң: журналист жалгыз эч нерсе кыла албайт.

Талаш-тартышты жаратышы мүмкүн темаларга саясат, дин, секс, адамдар ортосундагы мамилелер жана каржылык келишимдерге байланыштуу темалар кириши мүмкүн. Не болсо да, мүмкүн болушунча көп ар түрдүү пикир, көз караштарды берүүгө умтулушубуз зарыл.

Фактылар пикирлерден так бөлүнүшү керек, ал эми негизги көз караштар, аларды кабылдоо канчалык оор болбосун, журналисттик материалда сөзсүз көрсөтүлүшү абзел: биздин вазийпа – биздин өз көз карашыбызга, пикирибизге карабай кеңири коомчулукка маалыматты так жана толук жеткирүү.

Эгер биздин ЖМК тууралуу жаңылыктарда терс сөздөр айтылып жатса, мисалы, каржылык жактан начар абалыбыз, баңгиге байланыштуу чатак, төмөн рейтингибиз ж.б.д.у.с. тууралуу, биз бул тууралуу маалымат жасоого башка ЖМКга байланыштуу жаңылык жасагандай мамиле кылышыбыз керек.

Айрым материалды даярдап жатканыбызда дайыма эле калыс болуубузга мүмкүндүк боло бербейт: жаңылыктын өзү эле бир беткей болуп, башка тараптын да пикирин берүү аракетибиз одоно көрүнүшү толук ыктымал.

Кээде бир тарапты колдоп айтылган айрым пикирлер теманы башка жаңы жагынан ачып, дискуссия жүргүзүүгө жаңы дем бериши мүмкүн: эгер аудитория үчүн маселени жакшы түшүнүш үчүн жана теманы өнүктүрүш үчүн пайдалуу болсо гана бул ыкманы колдонсо болот.

Биз курмандыктарга же болбосо мен курмандык болдум дегендерге сөз беришибиз керек. Алардын пикири өтө субъективдүү болушу мүмкүн: мындайда аудитория бир гана тараптын пикири айтылып жатканын билүүсү абзел.

Ошол эле учурда биз жоопкерчилигибизди түшүнүп бир эле программанын алкагында баланс тапканга, же болбосо эмки программада башка тарапка да соз бергенге умтулуубуз зарыл. Биз умтула турган нерселер:

  • так фактыларды гана колдонуу
  • бардык тарапка сөз бергенге чын дилден умтулуу
  • жооп берүүгө мүмкүндүк түзүү
  • бардык көз караштар материалда берилгенин текшерип туруу
  • карама-каршы көз караштагылардын пикирлери окшош түрдө, бирдей көлөмдө болуп, ар-бирине бирдей эфирдик убакыттын бөлүнүшү.

Аудиторияга биз кайсы бир тарапка тартпаганыбызды көрсөтүшүбүз үчүн он-лайн дискуссияларды колдонсо жакшы.  Ал  үчүн:

  • кайсы бир тараптын жеке пикирине жана кампанияларына жан тартпашыбыз керек
  • биз даярдаган мазмунду (контент) окурмандар тараптан даярдалган мазмундан (контенттен) так бөлүү керек
  • кайсы кызмат көрсөтөөрүбуздү так жана жеткиликтүү айтып туруубуз абзел

Көнүүгүлөр

Башка тараптын пикирин берүү аракетибиз одоно көрүнүшү толук ыктымал болгон кайсы бир жаңылыкты мисал келтириңиз

Эгер башка тараптын пикири берилбесе, теманы калыс чагылдырыш үчүн эмне кылышыбыз керек.

 

Макалананын англис тилиндеги түп нускасын “ЖМК ЖМКга жардам берет” (www.mediahelpingmedia.org) деген сайттан окуй аласыздар.

«Journalist.news», №1, 2011-жыл 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *