HomeЖалпыАр түрдүү маалыматтар менен иштеген журналисттер үчүн төрт аспап

Ар түрдүү маалыматтар менен иштеген журналисттер үчүн төрт аспап

Mother Jonesтогу интерактивдүүлүк маселелери боюнча редактор Тасним Раджа маалыматтар менен иштөө боюнча сунуштарын берет.

Америкалык журналисттер маалыматтарды издеп мамлекеттик сайттарга жумасына 3-4 жолу киришет (биздин журналисттер канча жолу кирет болду экен?).

Тасним Раджа журналисттердин көпчүлүгү бул маалыматтар менен кандай иштей тургандыгы жакшы билет. “Адамдардын көбү математиканы начар билгендиктен журналистиканы кесип кылып тандашат”, – дейт ал. Бирок статистикалык маалыматтар менен иштей келгенде журналисттер эмне кыларын билбей калышат. Мындай журналисттерге сандар менен иштөөдө чоң жардамы тиер акысыз бир нече программалык аспаптарды сунуштайбыз.

1. Google Refine

Бул аспап “көптөгөн башаламан маалыматтар” менен иштегенге эсептелген. Раджанын айтымында бул “укмуш” аспап. Статистикалык маалыматтар менен иштегенди жакшы билбеген журналист көптөгөн ар-түрдүү сандар, файлдар менен иштеп жатып көп кыйынчылыктарга дуушар болот. Аларды бир-бири менен байланыштыра албай убара болот.

Google Refine бул жактан чоң жардамчы боло алат. Мисалы, Bay Citizen уюму велосипед менен болгон авариялар боюнча издөө кызматын түзүп, көп сыйлктарга татыган.

2. Tablesorter  “укмуштай жөнөкөй”, – дейт Раджа. Бул ар –түрдүү форматтагы маалыматтарды бир жерде бир форматта чогултуу боюнча жаңы бир ыкма. Мисалы, Excel форматындагы файлдарды таблица маалыматтары үчүн CSV форматына (таблица түрүндөгү маалыматтардын текст түрүндөгү форматы. Текст түрүндөгү бир сап – бул таблицанын бир сабы) которуп алса болот.

3. Мистер Конвертер Данных силердин “мыкты досторуңардын” бири болуп калышы мүмкүн,-дейт Раджа. Бул акысыз тиркеме Excel форматындагы маалыматыңарды он-лайнда колдонууга мүмкүн болгон каалаган форматка которуп берет, мисалы HTML, JSON жана XML форматтарына.

4. Geocommons  – акысыз, колдонууда жеңил, бат иштеген файлдардын конвертери (которуучу). Ал географиялык маалыматтарды жана карталарды которуу үчүн түзүлгөн.

Николь Мартинелли, IJNet

«Journalist.news», №4, 2011-жыл

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *