HomeФотографияФото сүрөттү редакциялоонун жолдору

Фото сүрөттү редакциялоонун жолдору

Николь Мартинелли

Онлайн журналистке күн сайын бир нече жолу фотосүрөттү редакциялоо муктаждыгы болот. Учурдагы журналисттер Photoshop программасы менен сүрөттү өзү каалагандай өзгөртүүнүн ыкмаларын өздөштүрүп алышкан.

Жашоодо ар кандай учурлар кездешет. Мүмкүн бул программа сиздин компьютерде жок, же аны колдонуу ыкмасын өздөштүрүүгө колуңуз тийбей калды. Мындай учурда сүрөттү редакциялоого интернетте 4 башка альтернатива сунуш кылынган.

Fotoflexer –  (fotoflexer.com) сайт 22 тилде жасалган. Мунун жардамы менен сүрөттөгү адамдын бетин жылмалоого жана башка функцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул программа сиздин ноутбукка орнотулган камерага тартылган сүрөттөрдү редакциялоодо өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Pixenate (fixenate.com) – бул программа өзүн, сүрөттөрдү алмашуу, басып чыгаруу менен алектенген компаниялар үчүн фоторедактор катары атын чыгарган. Анда чоң эмес бирок сүрөттөрдү редакциялоодо жеткиликтүү функциялар бар. Мисалы: кесүү, айлантуу, кызарган көздөрду жок кылуу, өңдү алмаштыруу, тандоо, өзгөртүү.  Мындан тышкары, начар тартылган фотосүрөттөр үчүн атайын өң менен боё, сүрөт тартуу ыкмалары каралган. Программа англис испан тилдеринде сунуш кылынган.

Freeonlinephotoeditor.com – фотосүрөттү редакциялоочу бул эң жөнөкөй редктор болуп эсептелет. Ал тез арада сиз сунуш кылган сүрөттү жүктөп алып, аны ар кандай кылып өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн өзүңүзгө сунуш кылат.  Бир кемчилиги программада ар түрдүү кнопкалар жайгаштырылган, бирок аларды кандай учурда колдонууга болоору тууралуу түшүндүрмө берилген эмес. Андыктан сиз кайсы кнопканы кандай учурда колдонууга болоорун эстеп калышыңыз керек.  Ошол эле учурда анын “Кайтаруу”  кнопкасы менен, сүрөттү баштапкы абалына алып келип алсаңыз болот. Сүрөттү редакциялап бүтөөрүңүз менен аны өзүңүздүн компьютериңизге, же түз эле Facebook баракачасына жүктөп алсаңыз болот.

Pixlr – (pixlr.com)  – сайтынын жардамы менен сиз сүрөттөрдү каалагандай редакцияласаңыз болот. Pixlr сүрөттү тез жүктөп алат да, “коррекция” деп аталган бөлүмдө жайгашкан көптөгөн мүмкүнчүлүктөрду сунуш кылат. Эгерде “автокоррекция” кнопкасын бассаңыз, программа сизге сүрөттүн оңдолгон үлгүсүн сунуш кылат. «Колдонуу» же «кайтаруу» функциялары менен сүрөттү өзгөртүп же кайрадан мурунку калыбына келтирип алсаңыз болот. Редакцияланган сүрөт “рабочий столго” гана сакталат.

 

«Journalist.news», №6, 2012-жыл, Булак: http://ijnet.org/ru/stories/100218

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *