HomeАналитикаЖурналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо

Журналисттин тексти үчүн зарыл болгон 14 суроо

Ким?

Эмне?

Качан?

Кай жерде?

Кандай? (Кантип?)

Эмнеге?

Эмне үчүн?

Душмандар кимдер?

Өнөктөр кимдер?

Кимге пайда?

Эмне үчүн пайда?

Кимге зыян?

Эмне үчүн зыян?

Эми эмне болот? (Андан ары не болот?)

 

Журналисттин текстинде ушул суроолордун бирине гана жооп болбой калса, анда жетекчилик «унчукпаганы» үчүн журналистке ким бирөөлөр төлөп коюшкан же журналисттин колунан иш келбейт деп ойлоого акылуу.

 

Валерий Панюшкин,

«Коммерсант» басма үйүнүн атайын кабарчысы. 

 

Дайыма жаңылыктарды жазууну үйрөтүү боюнча тренерлер жаш журналисттерди машыктырганда ушул жогорудагы мисалды алдыга таштап, жаңылык материалдарында маалыматтын болушунча толугураак болушуна чакырык ташташат. Ырас, жаңылык материалдарында окурман, көрөрман же угармандар үчүн маалыматты болушунча толук жана кенен берүү зарыл. Бул ар бир кабарчынын, журналисттин максаты жана милдети болууга тийиш.

Бирок, адатта жаңылык материалдарына мынчалык толук маалыматты камтый албай, ошондон улам жаңылык материалдарынын структурасын түзө албай, жаш журналисттер кыйналып калышат. Деген менен, жаңылык материалдары ар тараптуу маалыматка гана толук болуп калбастан, ал маалыматты бейтарап, жан тартпаган, обьективдүү, ыкчам, чынчыл, так, кыска, кабыл алууга жагымдуу стилдик маанайда жеткириши керек. А буга кантип жетишебиз?

Албетте, эл аралык стандарттар боюнча «көңтөрүлгөн пирамида» принциби, структурасы менен жаңылык маалыматтарын таркатуу эң ыңгайлуу жана натыйжалуу. Бирок, жергиликтүү жаш журналисттер андан да кыйналып, кандайдыр бир жөнөкөйлөтүлгөн схеманын, структуранын болушун каалашат. Бирок, ошол эле кезде берилген маалыматтар болушунча толук, стандарттык тартипте чагылдырылышы абзел. Мына ушул максатта жаш журналисттерге жаңылык маалыматтарын таркатуунун төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн структурасын сунуш кылуу максатка ылайык. Анда бүтүндөй 14 суроого жооп берип отурбайсың, ошол эле кезде журналист таза, чынчыл, так жана чебер бойдон кала берет, себеби сунуш кылынган структурада болушунча көп суроолорго жооп алынат. Окурман же көрөрмөн менен угарман да болушунча толугураак маалыматка ээ болот. Баарынан мурда массалык маалымат каражаттары да жаңылык материалдарын берүүдөн кыйналышпайт.

Анда эмесе, карап көрүңүз.

 

Жаңылык заметкаларын  кантип жазуу керек?

Ар бир кабарчы, журналист кесиптик ишмердигинде жаңылыктарды жазуу менен шугулданат, башкача айтканда, жаңылыктарды таап, алар коомдун шыбагасы болуп калсын үчүн жазып, жайылтат. Бирок, журналист жазган жаңылыктар маңызында кызыктуу болгону менен жазылышы кызыктуу же иреттүү болой калышы мүмкүн. Биз супсак жазылган жаңылыктарды көп эле окуп жүрөбүз. Албетте, мындан качуу керек.

Ошондуктан, эл аралык стандарттагы журналистикада «Көңтөрүлгөн пирамида» принциби же схемасы азыркы кезде кеңири өрүш алып келатат. Мунун негизги артыкчылыгы – жаңылыктарды жазууда негизги факты, ток этер окуя чү дегенде эле жазылып, фактылар коомдук маанилүүлүгүнө карай ылдый түшүрүлүп жазыла берет. Чынында бул принцип окурмандар жана ММКлар үчүн ыңгайлуу, бирок муну айрым журналисттер, тескерисинче, татаалыраак дешет. Ошондуктан, биз силер менен бул схеманын жөнөкөйлөштүрүлгөн вариантын карап көрөлү.

 

 

Жөнөкөй схема деген эмне?

Гезиттердеги же интернет-сайттардагы, кала берсе телевизиондук же радио кабарлар ушул схема менен окурманга (көрөрманга, угарманга) тартууланса, кызыктуу да, иреттүү да болот.

Бул мындай схема:

 

  1. Лид
  2. Негизги окуя
  3. Баалуулук
  4. Уникалдуулук
  5. Таржымал
  6. Тактама материал (справка)
  7. Аягы
  8. Экинчи бөлүк.

 

Биз мурдагы советтик журналистиканын схемаларынан качышыбыз керек. Анда эң маанилүү окуялар, фактылар материалдын аягына сүрүлүп, окурманга анчалык маанилүү эмес нерсе биринчи планга чыгып алчу. Материал окурманды «кекиртектен алып», аны аягына чейин окууга мажбур кылчу эмес. Ал эми биз карап жаткан «Көңтөрүлгөн пирамида» схемасында эң маанилүү факты биринчи жазылат.

(Уландысы бар)

«Journalist.news», №8, 2012-жыл,

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *