HomeТВ/РадиоБашкы редактордун 10 осуяты

Башкы редактордун 10 осуяты

Гулим Амирханова Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда башкы редактор болуп мурда иштеген же азыр иштеп жаткан 10 адамдан алардын 10 пункттан турган редакторлук осуяты менен бөлүшүүсүн суранган. Биздин пикирибиздеги эң кызыкттууларын сизге сунуштайбыз. Айрымдары кыска-нуска, айрымдары ийне-жибине чейин, айрымдары тамаша түрүндө жазылган. Бирок ар-биринен өзүңө пайдалуу көп нерселерди таба аласың. Эмки санда кыргыз тилдүү ЖМКларда эмгектенген башкы редакторлордун 10 осуяты менен тааныштырмакчыбыз.

Бул сапар Ирина Калининадан 10 кеңеш.

Ирина Калинина, “НТС” телекомпаниясынын мурдагы башкы редактору, Кыргызстан:

1. Алданба.

2. Куру сөзгө ишенбе.

3. Көзүң ачып, кулагың тазала.

4. Отургучта отурган кошунаң түшүнгөндөй кылып жаз.

5. “Бул кызыксыз экен” дебе, сени кызыктыра алган нерсени изде.

6. Түшүнбөй калсаң, көк мээ дешет деп уялбай сура, болбосо чын эле эч нерсе билбеген келесоо болуп каласың.

7. Каармандарыңды алдаба.

8. Өзүңдү кандай жакшы көрсөң, операторго так ошондой мамиле кыл.

9. Эки жагыңды кара, көп маанилүү нерсени табасың.

10. Башкы редактор гана жаңылышпайт.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *