HomeЖалпыСиз көчөдө журналисттик ишти аткарып жүрөсүзбү? Журналисттик материалды даярдаганга жардамы тие турган төрт кеңеш

Сиз көчөдө журналисттик ишти аткарып жүрөсүзбү? Журналисттик материалды даярдаганга жардамы тие турган төрт кеңеш

Журналисттин күбөлүгү? Текшергиле. Диктофон? Текшергиле. Тамеки?

Аны да текшергиле, ашык болбойт. Эмне үчүн, биз азыр баарын түшүндүрүп беребиз.

Нью-Йоркто, Каирде же Москвада болосуңарбы, айрым амал, ыкмаларды билгениңер журналисттик материалды даярдаганга жардам берет. IJNetтин редакциясы кооптуу деп эсептелген көчөлөрдө материалды даярдоо боюнча кеңештерин берет.

Эмнени өзүңөр менен алышыңар керек: реквизитиңер тууралуу ойлонгула

Тамеки тууралуу: башынан эле эскерте кетели – биз сиздин тамеки чеге башташыңарга каршыбыз.

Эгер сиз түрмөнүн, жеке менчик үйдүн жанында же кайсы бир сизди кызыктырган жерде жүрсөңүз жана өзүңүзгө башкалардын көңүлүн бурдургуңуз келбесе, сиз тамеки чеккени чыккандай түр көрсөткөнүңүз – жакшы амал, өзгөчө сизди кызыктырган маалымат булагы да ошол жерде болсо.

Сагыз, тамеки, ширеңке, гезит, карта, акча, кагаз бет аарчынын пачкасы жана толук заряддалган чөнтөк телефон – мунун баары бейтааныш адам менен сүйлөшүүдө баштапкы ыңгайсыздыкты, чочулоону жеңгенге жардам берет: Сиз аларга бир нерсе сунуштай аласыз.

Кол алдыңызда болушу керек болуп кала турган башка буюмдар – кредиттик карточкалар, ыңгайлуу бут кийим, жана балким фонарик.

Маалыматты кантип текшерсе болот

“Билгендер – унчукпайт, сүйлөгөндөр – билбейт”, – деген макал бар. Дайым ушундай болот деп айтыш чекиликтир. Бирок бейтааныш адамдар, өзгөчө, күбөлөр менен сүйлөшүп жатканда бул макалды эсте кармап турганыңар оң.

Өзүңөрдү сөздөн карматпагыла. Эгер күбө өлүм алдындагы адамдын акыркы сөздөрүн уккан болсо, аны ал кайдан билерин сурагыла. Балким “күбө” башкалардан укканын гана айтып бергендир, ал эми өзү окуя болгон жерге сизден кийин келген. Чөнтөк телефонунун номерин сурап алып, дароо эле чалгыла: кошумча маалыматтар же болбосо маалыматты текшерүү, качан Сизге керек болуп кала турганын Сиз билбейсиз.

Эгер интервьюнун каарманы, ысмымды атасамбы же атабасамбы деп аркы-терки болуп: “Ооба, менин атым Винсент Чейс”, десе, бул адам такыр башка адам болуп калышы мүмкүн экендигин билгиле…

Буктурмада отуруунун амалы

Буктурмада отуруу 24 саатка созулуп кетиши мүмкүн. Сиз жөн эле жабык эшиктин алдында отура бересиз. Шам-шум эткенге бир аз тамак аш (мисалы, шоколад) жана сууну даярдап алгыла: жакын жерде тамак-аш саткан дүкөн болбой калышы ыктымал. Эгер сиз отурган жериңерден кете албасаңар суусундуктарды көп ичпегиле, болбосо так керек учурда сиз дааратканада болуп калбайсыңар деп эч ким кепилдик бере албайт.

Эгерде сиздин атаандаштарыңар дагы буктурмада отурушса жана эң негизгиси аларга ишенсеңер, алар менен бир-бириңерди алмаштырып туруу жөнүндө сүйлөшүп алсаңар болот. Дачада колдонулуучу ыңгайлуу отургучтарды алып келүү канчалык сизди кызыктырбасын, бул профессионалдуулукка жатпайт жана булагыңардын кыжырын келтирип аласыңар.

Укук коргоо органдары менен мамиле түзүү

Полициянын иши менен таанышкыла: пара алуу алар үчүн көнүмүш нерсеби? Жакында болгон кайсы бир чатак иштин элге кеңири маалымдалып кеткенине полицейскилер кыжырланбай элеби? Же репортерлор менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жакшы мамиледеби? Полицейский сиздин күбөлүгүңуздү тартып алганга же болбосо сизди окуя болгон жерден кубалаганга ашыкча аракеттениши мүмкүн учурларда сизде репортердун күбөлүгү жана полициянын басма-сөз кызматынын кызматкерлеринин телефон номерлери сөзсүз болушу керек.

Өз укугуңарды билгиле, бирок чатакташууга да барбагыла. Бир акылдуу түнкү фотограф мага айткандай: “Сиздин материал 10 фут аралыктан да (кылмыш болгон жерди белгилеген лентадан берки аралык, 10 фут болжол менен 3 метр) так ушундай эле сапатта болот”. Адатынча, ушундай эле болот. Кофе алып келип, жакынкы сегиз саатка кылмыш болгон жерде жүрүүгө аргасыз болгон аял-полицейскийге сунуштагыла. Аны акырын сөзгө тарткыла: бул макалага болбосо да, башка макалага керек болуп калышы мүмкүн маанилүү маалыматтарды алып калышыңар ыктымал.

Вероника Беленькая, IJNet

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *